Бишкектин четинде катылган курал-жарак табылды

Бишкектин четиндеги Лебединовка айылында катылган курал-жарак табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлайт. Эки киши камакка алынды. Калашников автоматынан экөө, бир снайпердик мылтык, карабин, Макаров тапанчасы, 4 бычак жана 6 миң ок табылды.

17-октябрда да Бишкекте террорчул топтун мүчөсү делген 5 адам кармалган. Алар тартип коргоо органдарынын жана башка мекемелердин кызматкерлерине карата террордук чабуул даярдап жатканы айтылган болчу. (RK)