Чоң-Алай районунун 20 жылдыгы белгиленүүдө

20-октябрда Ош облусунун аталган районунун маарекеси райондун борбору Дароот-Коргондо уюштурулуп, ал жерде 20 боз үй тигилди. Райондо мамлекеттик мекмелердин кызматкерлери майрамдык парадга чыгышты. Иш-чарага облустун жетекчилери катышып жатышат. Мааракеге карата быйыл райондо 31 социалдык-маданий имарат колдонууга берилди.

1992-жылга чейин Чоң-Алай району Алай районунун курамында болчу. (AKu/SE)