Берлиндеги жарманкеге кыргыз дыйкандары да катыша алат

Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Германиянын Берлин шаарында 2013-жылдын 18-январынан 27-январына чейин өтө турган “Жашыл апта-2013” деп аталган жарманкеге айыл чарба, багбанчылыкта өстүрүлгөн жашылча-жемиштер жана техникалар коюлат.

Кыргызстандан жарманкеге катышууну каалагандарга Германиянын "Экономикалык өнүгүү үчүн көмөктөшүү" программасы жардам берет. (AKu)