Ливанда өкмөт чукул жыйынга чогулду

Жардыруу Бейруттун христиандар жашаган районунда болгон. 19-октябрь, 2012--жыл.

Өкмөттүн бүгүнкү чукул кеңешмесине борбор Бейруттагы кечээги жардырууга нааразы болгон ливандыктардын жолдорду тороп, өрт коюшканы түрткү берди.

Премьер-министр Нажиб Микатинин айтымында, ал кечээги кандуу окуядан улам  өзү жана өкмөттү кызматтан чегинүүгө даярдыгын билдирди.  Бирок президет  өкмөттүн “белгилүү бир мөөнөт” кызмат милдетин аткара берүүсүн суранды. 

Бейрутта жума күнкү жардыруудан Ливандын ички чалгын кызматынын жетекчилеринин бири генерал Виссам ал-Хассан жана башка жети киши каза таап, сексендей адам жаракат алган.

Маалыматтарга караганда, генерал Хассан мурдагы премьер-министр Рафик ал-Хариринин өлүмү боюна иликтөө жүргүзгөн топту башкарчу. Хариринин уулу, мурдагы өкмөт башчы Саид Харири бул терракт үчүн коңшу Сирия президенти Башар Асаддын режимин айыптады.

Саид Хариринин оппозициячыл коалициясы генералдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти премьер-министр Нажиб Микатиге жүктөп, анын өкмөтүн кызматтан кетүүгө да чакырган.

Вашингтон Ливан борборундагы жардырууну “терракт” деп мүнөздөдү.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү Том Витордун айтымында, АКШ  бул “варвардык кол салуунун” күнөөкөрлөрүн таап, жоопко тартууда Ливан өкмөтүнүн аракеттерин колдойт.  Кол салууну БУУнун Коопсуздук кеңеши да айыптаган.  (UE)