Грузияда парламенттин жаңы төрагасы шайланды

Давид Усупашвили.

Парламенттин төрагалыгына шайлоодо жеңген “Грузин кыялы” коалициясынын талапкери Давид Усупашвили шайланды. Премьер-министр болуп ушул коалициянын лидери Бидзина Иванишвили келет деп күтүлүүдө. Жаңы парламенттин алгачкы сессиясы бүгүн өлкөнүн экинчи ири шаары Кутаисиде ачылган.

1-октябрдагы шайлоонун натыйжасында “Грузин кыялы” коалициясы жеңип, парламенттеги 150 орундун 85ин алды. Калган 65 орун президент Михаил Саакашвилинин Бириккен Улуттук кыймыл партиясына таандык.

Саакашвили бүгүн парламенттин ачылышында сүйлөп:

-Мен демократиялык принциптер менен жылганыбызды, өлкөбүздүн биримдигин грузин элине, бүткүл дүйнөгө көргөзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берилгенин  баары жакшы түшүнөт деп үмүттөнөм. Бүгүн кыжырлануу, өч алуу жана капалана турган учур эмес. Бул - биргелешкен талкуулардын, дебаттын, иштин учуру.

Парламент Кутаисиден борбор Тбилисиге көчүш үчүн Конституцияга  өзгөртүү да киргизген жатат.

Мурдагы парламент 2012-жылкы шайлоодон кийин парламентти Кутаисиге көчүрүү чечимин былтыр июлда эле кабыл алган. (UE)