Кызмат маалында каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилет

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү максатында 20-октябрдан 24-октябрга чейин эл аралык авто жүрүш уюштурулууда.

Жүрүш 20-октябрда Чүйдүн Кемин районунда маркум милиционерлерди эскерүү менен  башталды. Учурда Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарында улантылууда.

Жүрүш учурунда жер-жерлерде каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жолугуп, эстеликтерине гүл коюу аземдери уюштурулуп жатат.(BkA)