АКШ президенттигине талапкерлердин акыркы дебаты болот

Бүгүн кечинде Флорида штатында демократ Барак Обама жана Республика партиясынын өлкө башчылыгына талапкери Митт Ромни кайрадан бетме-бет жолугушат. 90 мүнөт болуучу дебатта алар тышкы саясатка арналган маселелерди талкуулашат. Анда Ооганстан, Сириядагы  абал боюнча, АКШнын Орусия жана Кытай менен мамилеси, Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы суроолор болот деп болжолдонууда.

Талдоочулар бүгүнкү дебат мурдагыларга салыштырмалуу шайлоо өнөктүгүнө азыраак таасир берээрин айтышууда. Мурдагы турларда талапкерлер ички жана экономикалык саясат тууралуу сүйлөшкөн. Дебаттарды 65 миллиондон ашык америкалык телевизор аркылуу көрүшкөн.

Талапкерлердин дебаты 6-ноябрда боло турган президенттик шайлоого эки жума калган учурда уюштурулууда.