Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан беш адам мерт болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош жолунун 585-чакырымында кичи автобус жолдон чыгып кетип, токтоп турган жүк ташуучу чоң унааны сүзүп алган. Натыйжада беш адам каза болуп, экөө жабыркаган. Алар Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилди.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Талант Исаевдин өткөн аптада Жогорку Кеңеште билдиргени боюнча, 9 айда Кыргызстанда 3 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Иликтөөлөргө караганда, жол кырсыгы боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. (КЕ)