“Ата-Журт” фракциясынын убактылуу лидери - Мыктыбек Абдылдаев

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун камакта болгонуна байланыштуу жетекчилик милдетти аткаруу убактылуу Мыктыбек Абдылдаевге жүктөлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын маалымат кызматы Нургазы Анаркулов кабарлады. Бул маселе Жапаров менен макулдашылган.

"Ата-Журттун" лидерлери Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов 
3-октябрда Бишкектеги Кумтөр маселесине арналган митингде бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (КЕ)