Быйылкы зыярат учурунда мусулмандардын бир парзын дүйнө боюнча эки миллиондой адам аткарары күтүлүүдө.
Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрүндө суннит жана шийит мусулмандар ортосунда тирешүү жана чыңалган мамиле бардыгына байланыштуу сауд бийликтери быйыл ажылык диний гана жөрөлгө болгондуктан анын учурунда кандайдыр бир саясий чагымдарга жол берилбесин эскертишти.
Расми й Эр-Рияд ошондой эле Сириядан өлкөдөгү жарандык согушка карабай зыяратчылар келишине каршы эместигин кошумчалады.
Өзү сунниттер көптүк кылган Саудия азыр Сирияда президент Башар Асаддын бийлигине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларды колдоодо. Ал эми шийиттер көптүк кылган Иран Дамасктагы режимге жан тартууда. (UE)