Ооганстанда ири мунай запасы табылды

Ооганстандын түндүгүндө канадалык фирма мунайдын ири запасын тапты. Бул тууралуу “Азаттыктын” ооган кызматына Ооганстандын мунай министри Жавад Омер маалымдады.

- Кен Түркмөнстан менен чек арага жакын жердеги Фарияб вилайетинде жайгашкан. Андагы кара майдын көлөмүн аныктоо үчүн убакыт талап кылынат, - деди Омер.

Апта башында Кытайдын Улуттук мунай корпорациясы коңшу Сар-Пол чөлкөмүндө мунай өндүрүүнү баштаган. Ооганстандын түндүк-батыш аймагы мунай менен жаратылыш газына бай деп эсептелет.