Бишкекте ырчы Муслим Магомаевди эскеришет

Бүгүн борбор калаада дүйнөгө таанымал азербайжандык баритон-ырчы Муслим Магомаевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы «ТURKEL» гезитинин баш редактору Рамис Мешедик Гасанлы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул иш-чараны Азербайжан элчилиги  Муслим Магомаевдин көз жумган күнүнө карата уюштурууда. Эскерүү «ТURKEL» гезитинин редакциясында өтмөкчү.

Муслим Магомаев мындан туура 5 жыл мурда, 2008-жылдын 25-октябрында жүрөк оорусу кармап, дүйнө салган. Тирүү болсо быйыл 70 жашка чыкмак. (ST)