Египеттин борбору Каирде 11-сентябрда АКШнын Ливиядагы элчиси Кристофер Стивенсти жана дагы 4 америкалык жаранды өлтүрдү деп шектелип жаткан адам полиция тарабынан кармоо учурунда мерт болду. Египет бийликтеринин билдиришинче, атайын кызматтар айыпталып жаткан адамдын изине түшүп, шаршемби күнү Каирдин тегерегиндеги үйлөрдүн биринде курчоого алган. Бир нече саатка созулган атышуудан кийин үйдө өрт чыгып, кылмышкер деп шектелген адамдын өлүк денеси табылган.
Египеттин атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, Хазер деген ысым менен белгилүү болгон ливиялык адам Синай жарым аралына барып, исламдык куралдуу топторго кошулууну көздөгөн.
Египеттин атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, Хазер деген ысым менен белгилүү болгон ливиялык адам Синай жарым аралына барып, исламдык куралдуу топторго кошулууну көздөгөн.