Курман айтка карата мусулман өлкөлөр куттуктоо жөнөтүштү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевди Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүүдө. Ушундай эле куттуктоо каттары Бириккен Араб Эмиратынын халифи Бин Заед Аль Нахаян, Азербайжан президенти Ильхам Алиевден, Түркия президенти Абдуллах Гүлдөн, өзбек президенти Ислам Каримовдон жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондон келип түштү. Кыргызстанда Курман айт 26-октябрда белгиленет. (KKs)