Тогуз айда кылмыштуу топтун 129 мүчөсү кармалды

Тогуз ай ичинде уюшма кылмыштуу топтун 129 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, шектүү адамдарды кармоо учурунда 20дан ашык ар кыл курал-жарак жана маңзаттар табылган. Жыл башынан бери уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө козголгон 44 кылмыш иш сотко жиберилди. (KKs)