Сириядагы куралдуу каршылашкан тарптардын Айт учурунда төрт күн бою ок атышпайлы деп макулдашканына карабай, армия жана козголоңчулардын бири бирине ок атышканы кабарланууда. Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими бейшемби күнү төрт күндүк элдешүү өлкөдө 19 айдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотконду мүмкүн кылат деген үмүтүн билдирген болчу. Өкмөттүк күчтөр жана козголоңчулар каршы тарап ок атпаса гана ок чыгарбасын айтып жатышкан.
Маалыматтарга караганда, бүгүн жума күнү өлкө борбору Дамаскинин четинде танктын аткылоосунан жана снайпердин огунан бир нече адам набыт болгон. Хомс жана Идлиб шаарларында да кан төгүлгөнү айтылууда. Оппозициянын ырасташынча, былтыр марттан берки куралдуу калабада 35 миңден ашуун адам бейажал өлгөн.