Бүгүн кечки саат беште Бишкектеги “Манас” кинотеатрында алгачкы жолу “Ак илбирс” улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Фестивалдын аткаруучу директору Нургазы Эрназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, аземде “мыкты тасма”, “мыкты режиссер”, “мыкты сценарий” өңдүү 12 номинация боюнча сыйлыктар өз ээлерин табат. Азыр ар бир номинация үчүн үчтөн талапкер ат салышууда. Буга чейин коомдук ишмер, кино адистери, журналисттерден турган калыстар тобу номинациялар боюнча добуштарын беришкен. Уюштуруучулар бул сыйлыкты кыргыздын “Оскарына” айлантууну көздөшөт.
“Биринчиден, бул биздин улуттук киносыйлыгыбыз. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бул жогорку макам жана ага катышкан тасмалардын жогорку сапатынын көрсөткүчү. “Оскар” киносыйлыгындай эле ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аземдин жүрүшүндө гана белгилүү болот”,-деди Нургазы Эрназаров
Фестивалдын уюштуруучуларынын катарында режиссерлор Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Садык Шер-Нияз, Таалайбек Кулмендеев, Темир Бирназаров бар. (KKs)