Бүгүн Бишкекте кыз ала качууга жана үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы веложүрүш уюштурулду. 150дөй аялдар, эркектер жана балдар түштүк магистралдан Жаш гвардия бульварына чейин велосипед менен келишти. Мындан мурдараак кылмыш-жаза кодексинин "ала качуу" боюнча 155-беренесине байланыштырылып, "155" деген акция өткөн. Бүгүнкү иш-чара анын уландысы болуп эсептелет.
Бейөкмөт уюмдары уюштуруп жаткан бул акцияга Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева да катышты:
- Мен бул иш-чарага жарандык позициямды билдирүү үчүн катышып жатам. Мен парламентте кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине толуктоо жана өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганмын. Ошону колдоо иретинде ушул веложүрүш уюштурулуп жатат. Уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирүү үчүн келип отурам.
Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине ылайык, кызды мажбурлап аялдыкка алган адам 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (AKu)