Ташиевге козголгон иштин мыйзамдуулугу каралат

Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун өтүнүчү боюнча ишти 31-октябрда карайт. Адвокат депутатка каршы Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесине негизделген кылмыш иши туура эмес козголгонун жана ошондой эле мыйзам боюнча депутатка кылмыш ишин башкы прокурор гана козгоого тийиш экенин белгилеп, аны жокко чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Бул иш буга чейин да бир нече жолу жылдырылган.

3-октябрда баш калаадагы борбордук аянтта Кумтөр алтын кенин мамлекеттин карамагына алуу боюнча өткөрүлгөн митингден кийин тополоң чыгып, депутат Камчыбек Ташиев баштаган бир канча адам Ак үйгө кирип барууга аракет кылган. Андан кийин митингди уюштурган “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелердин негизинде камакка алынган.

5-октябрь күнү Биринчи май райондук соту буларды эки ай камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)