Ошто кыргыз жеңил өнөр жайынын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Көргөзмө-жарманкеге “Кыргызстанда жасалган” деген бренд менен иштеп жаткан 50гө чукул жеңил өнөр жай ишканасы катышары күтүлүүдө. Ош шаарындагы драмалык театрда өтө турган иш-чара бүгүн башталып, шаршемби күнү аяктайт.

 Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, көргөзмө-жарманке Кыргызстанда жасалган азык-түлүк, кийим-кече, буюм-тайымдардын сапатын жакшыртуу, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана коңшу мамлекеттердеги кардарлар менен кызматташууну арттыруу максатында алгачкы жолу уюштурулуп жатат.(ZKo)