Талас: Шаардык парктын аты өзгөрдү

Бүгүн Талас кеңешинин сессиясында шаардык парктын атын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынды. Кабарчыбыздын айтымында, депутаттар аны Баатырлар паркы деп атоого макул болду.

Быйыл 14-августта депутаттардын жыйынында аталган паркка Советтер Союзунун Баатыры И.В.Панфиловдун ысымы ыйгарылган болчу. Бирок бул чечимге макул болбогон жергиликтүү активисттердин кайрылуусунан кийин маселе кайрадан добушка коюлду. (MbA/RK)