Санкт-Петербургдун полиция башчысы Сергей Умнов полиция кызматкерлерин нарко көзөмөлдөн өткөрүү зарыл болгонун билдирди. Орусиянын маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы өлкөдө 5 миллиондон ашуун киши маңзатка көз карандылыгын, мунун кесепетинен жыл сайын 100 миң киши өмүр менен кош айтышарын маалымдаган. (ZKo)