Күзгү орум-теримдин жүрүшү талкууланат

Бүгүн түштөн кийин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев күзгү орум-теримдин жүрүшүн талкуулаган жыйын өткөрөт. Селектордук жыйын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин конференц-залында өтөт. Себеби ал жакта облустардын баары менен бир убакта түз байланышта талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүк берген техникалык шарт бар. Жыйында күздүк айдап-себүү иштеринин жүрүшү да талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өткөн кыш узак, ал эми жаз катаал болгондуктан быйыл жер иштеткен дыйкандар чыгымга дуушар болгонун айтып келет. (RK)