3-ноябрга карата аба ырайы

3-ноябрда кээ бир райондордо жаан-чачын болушу мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарында дээрлик жаан-чачын болбойт. Түшдүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 10...15,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5,
Тоолордо түнкүсүн -9...-14, ал эми күндүз 0...-5 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 15...17 градус болот.