Азербайжан: уруксатсыз митингге чыккандар 10 миң доллар төлөйт

Азербайжан парламенти коомдук жайларда чогулуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду жактырды. Эми уруксат берилбеген демонстрацияларды уюштургандар жана катышкандар 10 миң долларга чейин айып пулга жыгылат. Буга чейин анын өлчөмү 640 доллар болчу. Ошондой эле митинг-демонстрацияларда бычак, курал же жардыргыч заттарды алып жүргөндөрдү 3 жылга чейин абакка кесүү каралган. Кечээ Бакуда мыйзамга каршы акция өтүп, полиция активисттерди кууп тараткан. Апта башында Amnesty International уюму Азербайжан президенти Илхам Алиевди аны сындагандарды куугунтуктоону токтотууга, жарандардын өз оюн эркин билдирүү, чогулуу, жыйын өткөрүү укуктарын камсыздоого үндөгөн.