АКШ: президенттик шайлоодогу алгачкы добуштар берилди

1948-жылдан бери салт катары сакталып калгандай, эң биринчилерден болуп бүгүн түн ортосунда түндүк-чыгыштагы Нью-Гэмпшир штатындагы Диксвилл-Нотч жана Хартс-Локейшн шаарчаларынын 40тан ашуун тургуну добуш беришти.
 
Санак Диксвилл – Нотч шаарчасында Барак Обама менен Митт Ромнинин ар бири бештен добуш алганын көрсөттү.
 
Муну менен аталган шаарчада добуштар туңгуч ирет бөлүндү.
 
Өзү 1960-жылдардан бери бул шаарчада такай Республикалык партиянын талапкери жеңчү.
 
2008-жылы гана Обама жеңген. Эң алгач добуш берген Хартс-Локейшнде Обама бул ирет 23, Ромни 9 добуш алды.
 
Ал эми эки шайлоочу Либертариандык партиянын талапкери Гарри Жонсонду колдогон. (UE)