АКШда добуш берүү жүрүүдө

Огайо штатындагы Клевлэнд шаарында добуш берүүгө кезек күткөндөр. 6-ноябрь, 2012-жыл.

Алгачкы шайлоо бекеттер өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы алты, Бишкек убактысы боюнча кечки бештен тарта ачылды.

Ал эми эң биринчилерден болуп 1948-жылдан бери салт катары сакталып калгандай, түндүк-чыгыштагы Нью-Гэмпшир штатындагы Диксвилл-Нотч жана Хартс-Локейшн шаарчаларынын 40тан ашуун тургуну добуш беришти.

Коомдук пикирди сурамжылоонун буга чейинки жыйынтыктары эки
талапкердин эл арасындагы бедели дээлик бирдей экенин көргөзгөн.

Бирок шайлоонун жеңүүчүсү жалпы элдин добушунун санына эмес, талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын канча добушун алаарына жараша аныкталат.

Шайлоочулар коллегиясында 535 добуш бар, ал добуштар АКШнын ар бир штатына, андагы калктын санына жараша бөлүнгөн.

Андыктан, талапкерлер кайсыл бир штатттын шайлоочулар коллегиясынын бардык добушун алыш үчүн, ошол штаттын шайлоочуларынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болушу керек.

Талдоочулар шайлоо жыйынтыгы “оомо” деп аталган жети-сегиз штат кандай добуш берээрине көз каранды экенин айтышууда.

Барак Обама же Митт Ромни жеңиш үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 535 добуштун кеминде 270не ээ болушу зарыл. (UE)