Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон украин бийликтерин оппозициянын шайлоодон кийинки дооматтарына көңүл бурууга үндөп жатканын бүгүн анын анын маалымат катчысы Мая Кочиянчич билдирди.
Оппозиция бир мандаттуу округдардын кеминде 13үндө добуштар кайрадан саналышын талап кылып жатат.
Шайлоо комиссиясы беш округда шайлоону кайра өткөрүүнү сунуш кылды.
Бирок Бириккен украин оппозициянын лидерлеринин бири Арсений Яценюк мындай сунушту четке какты:
- Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы чыгып жатабыз. Биз алардан добуштарды кайра санап, биздин талапкерлердин жеңишин таанууну талап кылуудабыз. Алар биздин жеңишти уурдай алышпайт.
Оппозициячыл күчтөр кечээтен бери Киевде, БШК имараты алдында шайлоо жыйынтыгына каршы митинг уюштурушууда.
Расмий эсеп боюнча 450 орундуу украин парламентинде партиялык тизмени жана бир мандаттуу округдарды кошкондо алынган мандаттар саны жагынан биринчи орунду Януковичтин “Региондор”, экинчини абактагы мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун “Батькивщина”, үчүнчү орунду таанымал мушкер Виталий Кличконун “Удар” партиялары ээлеген. (UE)