Грецияда эки күндүк иш таштоо уланууда. Жалпы улуттук акция Афиныда массалык жүрүш менен аяктамакчы. Муну менен жумушчулар өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршылыгын билдиришүүдө. Долбоор бүгүн парламентте колго салынат.
Кечээ 30 миңдей киши көчөгө чыгып, борбор шаарда тынч демонстрация өткөрүштү. Өкмөт салыктарды көбөйтүү жана айлык, пенсияларды азайтуу жолу менен мамлекеттик бюджеттен 13 жарым миллиард евро үнөмдөөнү көздөп жатат. Бул чара көрүлмөйүн өлкө Эл аралык валюта фонду жана Европа биримдигинен карыз ала албайт. Парламент долбоорду жактырат деп күтүлгөнү менен премьер-министр Антонис Самарас жетектеген өкмөт коалициядагы өнөктөштөрү тарабынан катуу сынга кабылып келатат.