Кара-Суу базары кайра ишке кирди

Ажатканадагы кырсыктан кийин убактылуу жабылган базар кечээтен тарта кайрадан ишке киришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, кырсык болгон райондук жерде санитардык-эпидемиологиялык станция зыянсыздандыруу иштерин жүргүздү.

Өткөн ишемби күнү Кара-Суу шаарындагы ири базарда 40 орундуу ажаткананын түбү түшүп кетип, андан төрт киши каза тапкан, он беш адам жабыркаган. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.(ZKo)