Обама ушул айда Мьянмага барат

"Рейтер" агенттиги Мьянма өкмөтүнүн жогорку кызматтагы өкүлүнө таянып тараткан маалыматка ылайык, АКШ президентинин сапары 19-ноябрда болоору күтүлүүдө. Барак Обама бул сапарында Мьянманын президенти Тейн Сейн, оппозиция лидери, Нобел сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи менен жолугат. Ушул жылдын башында аталган эки саясатчы тең Вашингтондо болушкан.

Эгерде Обаманын сапары ишке ашса, анда ал Мьянмага барган АКШнын биринчи президенти болуп калмакчы.