Ат-Башыда он гектар чычырканак күйүп кетти

Нарында, Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагында 10 гектар чычырканак күйүп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Окуя кечээ түш оогондо катталган. Терек-Суу жана Кара-Суу айылдарынын ортосунда 10 гектар чычырканак, бадалдар жана куураган чөп күйгөн. Бир өрт өчүргүч бөлүм жана айыл тургундарынан 30 адам өртүү өчүрүүгө катышты. Учурда кырсыктын себеби такталып жатат. (RK)