Ошто беш күн бою жарык маал-маалы менен өчүрүлөт

Ош облусунун аймагында бүгүнтөн тарта 13-ноябрга чейин электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп турат.  «Ошэлектро» ишканасынан «Азаттыкка»
маалымдашкандай, таңкы саат 7ден 9га чейин, кечке маал 16:00дөн
22:00гө чейин электр энергиясы берилбейт.

Мындан үнөмдөө Оштогу эң чоң подстанциялардын бири болгон «Узловая» электр
бөлүштүргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу болуп жатат.

Аталган подстанциядагы реконструкцияга байланыштуу Ош шаарында, Араван, Чоң-Алай, Алай жана Кара-Суу райондорунда убактылуу өчүрүүлөр болот. (SE/RK)