Эрнесто Инаркиев Кыргызстанда

Гроссмейстер, кыргызстандык шахматчы Эрнесто Инаркиев бүгүн Бишкектеги шахмат клубунда 5 жаштан 13 жашка чейинки балдар менен жолукту. Ондогон балдар менен бир учурда ойноп, өзгөчөлөнгөн жеткинчектерге белектерин тапшырды.
 
Эрнесто Инаркиев 1999-жылы Кыргызстандын атынан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болгон. Кийин Калмык Республикасынын президентинин чакыруусу менен Орусияга көчүп кеткен. 2001-жылы Орусиянын атынан чыгып, 16 жашка чейинкилердин арасында  Европа чемпиону, 2002-жылы 20 жашка жашка чейинкилердин арасынан Орусиянын чемпиону болгон. (KMa/AKu)