БУУнун атомдук агенттиги билдиргендей, дүйнө державаларынын өкүлдөрү менен келерки айга белгиленген сүйлөшүүнүн алдында ядролук курал жасайт деп шектелген жайын жок кылуу үчүн Иран тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан шекилдүү. МАГАТЭнин баш директору Юкия Амано Тегерандан түштүк-чыгыштагы Парчин согуштук комплексин буздуруу иштери уланып жаткандыгын кечээ коңшулаш Иракта болгондо билдирди. Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук программасы атомдук курал жасоо максатын көздөйт деп шектенет, бирок Тегеран ядролук программасын тынчтык максатта өнүктүрүп жаткандыгын айтып келет.