Жапониянын экономикалык өсүшү жайлады

Жапония экономикасы сыягы рецессияга кептелди. Бүгүн жарык көргөн жаңы статистикалык көрсөткүчөтөргө ылайык, үчүнчү кварталда экономикалык өсүш былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда 3 жарым процентке төмөндөгөн. Экономика министри Сеижи Маэхара бул маалыматты комментариялап, Борбордук банкты улуттук акча – иенанын өсүшүнө каршы тезинен чара көрүүгө үндөдү. Күчтүү валюта экспортко жолтоо болууда. Анын үстүнө Кытай менен аймактык талаштан улам, жапониялык товарларды сыртка сатуу да азайып кеткен.