Коопсуздук чараларынын күчөтүлүш себеби пленардык жыйында талкууланарын “Азаттыкка” депутат Ташболот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбүдөн тарта Жогорку Кеңешке жумушка келген депутаттардын машиналары дыкат текшерилип, айрымдарыныкы ит менен да тинтүүгө алынууда. Мындан улам депутаттар коопсуздук органдарынан чаралардын күчөтүлүшү тууралуу түшүндүрмө талап кылынуу чечишкен.
Мындан мурдаарак УКМК “Азаттыкка” коопсуздук чаралары Жогорку Кеңеш алдына уюштурулган 12-ноябрдагы митингден улам күчөтүлгөнүн билдиришкен. (BkA)
Мындан мурдаарак УКМК “Азаттыкка” коопсуздук чаралары Жогорку Кеңеш алдына уюштурулган 12-ноябрдагы митингден улам күчөтүлгөнүн билдиришкен. (BkA)