Аба ырайы

16-ноябрда Кыргызстанда маал-маалы менен жаан жаайт, тоо этектеген жана тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир аймактарда жаан-чачын катуулайт. Тоо жолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  -2... +3 , күндүз  +1... +6 градус,  Талас облусунда түнкүсүн  -3… +2, күндүз  -   +1…+6  градус,  Баткен облусунда түнкүсүн  -1…+4,  күндүз  - +3…+8 градус,  Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн   - 2... +3, күндүзү  +4 ... +9 градус,  Ысык-Көл облусунда түнкүсүн   -3... -7, күндүз 0... +5 градус, Нарын облусунда: түнкүсүн - 5... -10, күндүз -  0...  +5 градус болот.

16-ноябрда Бишкекте жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы  +3…+5 градус болот. (EBM)