Депутат Мадылбековдун уулу үй камагына чыгарылды

Жогорку Соттун кылмыш жана административдик иштер боюнча коллегиясы "Ата Мекен" фракциясынан депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун коллегиясы Мадылбековдун адвокаттарынын арызынын негизинде буга чейинки Биринчи Май райондук соту жана Бишкек шаардык сотунун Мадылбековдун УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу боюнча чечимин өзгөрткөн.

Элдар Мадылбеков апрель окуясынан кийин Бишкек шаардык прокуратурасында иштеп турганда Бакиевдерге тиешелүү мүлктү “жасалма документ менен менчиктеп алып, кийин сатып жиберген” деп айыпталууда.

Ал 15-сентябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча ЖК депутаты, “Ата Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаровго да кылмыш иши козголгон. (BkA)