Бишкекте аскага чыгуучулардын мелдеши башталды

Аскага чыгуу боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, спорт чебери, маркум Александр Аксеновду эскерүү боюнча мелдешке 12 жаш курактан жогорку 200дөн ашуун спортчу катышууда. “К2” аттуу атайын адистешкен спорт комплекстеги таймаш үч жаш курак боюнча өтүп жатат. Бүгүн башталган мелдеш 18-ноябрда жыйынтыкталмакчы. (EBM)