Бишкекте бүгүн майыптар укугу боюнча аймактык (Борбор Азия) конференция башталды. Анда бир катар эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын бийлигин майыптардын укугун коргогон Бириккен улуттар уюмунун конвенциясын ратификациялоого чакырды. Бул документте майыптарга шарт түзүү жана алардын укугун коргоо жоболору камтылган.
Жыйында конвенцияны ратификациялоо жолдору жана аны аткаруу боюнча кыйынчылыктар тууралуу сөз болду. Өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү азыркыдай социалдык-экономикалык абалда документти жактырууга шашылбоо керектигин билдирүүдө.
Кыргызстан былтыр БУУнун ассамблеясында Майыптардын укугун коргоо боюнча Конвенцияга кошулган. Конвенция толук ишке кириши үчүн ага парламент менен президент макулдугун бериши керек.
Кыргызстанда майып адамдардын саны 133 миң деп эсептелип жүрөт. Алардын көпчүлүгү тиешелүү шарттын жоктугунан ар кандай басмырлоолорго туш болуп жатканын айтып келишет. (TTo)