Астана: Президент кубогу үчүн мелдеште балбан Жолчубеков коло медал утту

Казакстандын Астана шаарында 18-ноябрда өткөн президенттин кубогу үчүн мелдеште грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Каныбек Жолчубеков коло медаль алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” балбандын машыктыруусу Эмил Алыкулов билдирди. Бул таймашка жалпысынан Кыргызстандан 8 спортчу барган.

Жолчубеков буга чейин 16-Азия оюндарында күмүш байгелүү болгон. (EBM)