Израилдин Газадагы абачабуулдарынан дүйшөмбү күнү 18 палестиналык курман болду. Өткөн түнү Израил авиациясы Газага 80ден ашуун сокку урган. Муну менен 14-ноябрдан берки калабада өлгөн палестиналыктардын саны 95ке жетти. Хамасчылардын аткылооосунан Израилдин үч жараны өлгөн.
Израил менен палестин согушчул топтору арасында арачылык кылып жаткан Египеттин тышкы иштер министри Мухаммад Амир шейшемби күнү Араб өлкөлөрүнүн министрлери менен Газага барарын маалымдады.
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Израилди Газаны бомбалоосуна байланыштуу “террорчул мамлекет” деп атады: “Балдарды өлтүрүп жаткандарга бул дүйнөдө орун барбы? Аларды адам укугун сыйлайт деп айта алабызбы? Мына ушул үчүн Израилди террорчул мамлекет деп атаймын".
Эрдоган Ыстамбулода өтүп жаткан Евразия Ислам кеңешинде сүйлөп: “Исламды терроризмге байланыштыргандар мусулмандарды массалык өлтүрүүгө көзүн жумуп коёт” деген да пикирин айтты.