Израил чабуулдарынан өлгөн палестиналыктар көбөйдү

Кечээ Палестинанын бийликтери кабарлашкандай, 14-ноябрдан бери Израилдин Палестинага каршы чабуулдарынан курман болгондордун саны 100 адамга жетти. Өткөн шаршембиде Палестинада “Хамас” козголоңчул тобу башкарган анклавдан атылган ракетага жооп иретинде Израилдин армиясы Газа тилкесине каршы операциясын баштаган. “Хамастын” ракетасынан үч израилдик жаран курман болгон эле. Расмий Тел-Авив кризис курчугандан бери Израилге каршы жүздөгөн ракета аттырылганын билдирди.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун атышууларды токтотуунун жолдорун сүйлөшүш үчүн кечээ Каирге барды. “Хамастын” бозгундагы лидери Халед Мешал эң оболу Израил куралын ташташы керек, “анткени бул согушту алар баштады” деди. Тел-Авивдеги жетекчилик болсо мындан да алкактуу аскерий операцияга даяр экенин билдирүү менен, ошол эле маалда палестиндиктер ракетадан аткылоолорун токтотушун дипломатиялык жолдор менен макулдашканга да дилгир экендигин билдирди.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Газаны чабуулга алган Израилди кечээ “террорчул мамлекет” деп атаган эле. Ошол эле күнү кечирээк АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Виктория Нуланд журналисттердин бул тууралуу суроолоруна жооп берип жатып: "Азыр сөз менен Израилди айыптап, чабуулга алуудан эч майнап болбойт", - деди.