Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолу ачылды

Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, бүгүн таңкы саат бештер чамасында  жолдун 75-чакырымын көчкү басып калган. Учурда жол толугу менен тазаланып ачылды.

Азыр Каракол- Эңилчек жолунда каттам кыйын болуп турат. Бүгүн таңга маал Чоң-Ашууда калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кар түштү. Жол азыр толук тазалана элек. (EBM)