Кыргызстанда эмдиги жылы март айында жеткинчектерге арналган “Барсбек” деген комикс жарыкка чыгат. Анын автору Кунай Медетхандын айтымында, жаштайынан кыйынчылыкка кабылган, бирок турмуштагы ар кандай оор кырдалдан чыгып кете алган, терс көрүнүштөр менен тайманбай күрөшкөн бала тууралуу баян сүрөттөр менен берилет. “Барсбектин” образы таанымал бийчи Атай Өмүрзаковдон алынган. Комикстин максаты кыргызстандык жеткинчектерге улуттук баатырлар аркылуу таалим-тарбия берүү болуп саналат. Автор кийинчерээк мультфильм тартууну да пландаштырып жатат. (EBM)