Бишкек мэриясы балдарды зомбулуктан коргоо кызматын түздү

Бул тууралуу “Бапдар укугун коргоочулар лигасынан” кабарлашты. Кызмат шаардык мэриянын кызматкерлеринен сырткары, Бишкектин төрт районунда түзүлгөн мобилдүү топтордон, зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборунун, шаардык милициянын, саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрүнөн турат. Ошондой эле ишеним телефон уюштурулат.

Бириккен Улуттар уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 72 пайызы үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылат. Быйыл тогуз айда балдарга карата 951 кылмыш катталды. Соңку учурда айрыкча педофилия, башкача айтканда бачабаздык көбөйдү. Башкы прокуратуранын билдиришинче, жыл башынан бери 116 жашына жете элек бала зордукталды. Анын 67си - 10 жашка чыга элек балдар. (EBM)