Ош-Бишкек жолуна куткаруучулардын бекеттери коюлду

Чукул кырдаалдар министрлиги Ош-Бишкек жолунда кар көчкүгө калгандарга тезинен жардам берүү максатында куткаруучулардын эки бекети ачылганын кабарлады. Алар тиешелүү техника менен камсыз болушту.

Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолунда Сары-Таш айылында жолоочулар, айдоочулар жылынып, өзөк жалгап турушу үчүн мобилдүү үй орнотулду. Былтыр кыш оор түшүп, кан жолдордо кар көчкү көп жүргөн. (EBM)