Энергетика министрлиги электр энергиянын баасын көтөрүү демилгелери боюнча маалымат берди. Ага ылайык, учурда 2017-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизги принциптери иштелип чыкты. Анда 2013-жылдан апрель айынан тарта айына 300 киловатт саат колдонгондорго баа көтөрүү каралган. Башка категориялар боюнча инфляцияны эске албаганда 10 пайыз жогорулатуу сунушталууда. Бул демилгелер эми Кыргызстандын бардык аймагында коомдук талкууга коюламакчы. Андан кийин өкмөт карап, парламенттин кароосуна жөнөтөт.
Аталган министрлик 300 киловатт сааттан ашык колдонгондорго бааны 40 пайызга көтөрүүнү сунуштап жатат. (EBM)
Аталган министрлик 300 киловатт сааттан ашык колдонгондорго бааны 40 пайызга көтөрүүнү сунуштап жатат. (EBM)