Жалал-Абад: кыйноо боюнча милицияларга кылмыш иш козголгон жок

Жалал-Абад шаардык прокуратура шаардык ички иштер бөлүмүндөгү кыйноо фактылары далилденбегендиктен кылмыш иш козгогон жок. Бул тууралуу “Справедливость” уюмунун башчысы Валентина Гриценко билдирди. Буга чейин аталган уюм ага кайрылган жарандардын арызынан улам убактылуу кармоо жайларда кыйноо болуп жатканын, буга катыштыгы бар милиция кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча прокуратурага кат жолдогон эле. (YA)